Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-7
““Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын 9-айынын бюджетин тактоо жѳнүндѳ”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 08.08.2024-жылындагы № 01-13-25 сандуу кайрылуусун бюджетин 9 айынын чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын финансы башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Т.Бакированын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын 9 айынын кирешелердин азайышына байланыштуу бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планын тактоо 3620,0 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
-Шаардык кеңеш-340,0 миң сом;
-Мэрия-1000,0 миң сом;
-“ГЖЗС” мекемеси – 1025,0 миң сом;
-Муниципалдык менчкик башкармалыгы 50,0миң сом;
-Маданият үйү –китепканалар -26,3 миң сом;
-Дене тарбия жана спорт бѳлүмү-25,0 миң сом;
-ШБББ- 1153,7 миң сом
3.Бул токтомдун аткарылышы шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын жана бул токтом Кыргыз Республикасынын финансы министирлигине жѳнѳтүлсүн.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
|
|