Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2024-жылдын 1-августу № 36/7-28

 

Сын-Таш айыл аймагындагы балдар бакчасынын төлөм-акыларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабры ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыктын негизинде, Сын-Таш айыл аймагынадагы балдар бакчаларынын төлөм акыларын бирдиктүү төлөм кылуу үчүн, Сын-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Сын-Таш айыл аймагындагы “Баластан Юрьевка” жана К.Курманов атындагы орто мектептин алдындагы балдар бакчасындагы ар бир балага тамак-аш үчүн, күнүнө 85 (сексен беш) сом бекитилсин.

2. Демөөрчүлүк фондко ата-энелердин бир жолку салымы 2000 (эки миң) сом өлчөмдө бекитилсин.

3. Сын-Таш айыл кеңешинин 22.01.2021-жылдын № 97/19-28 токтому жана Юрьевка айыл кеңешинин 15.08.2023-жылдын № 37/15-28 токтому жараксыз деп эсептелсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Э.Б.Джолдошбеков