Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-8
““Майлуу-Суу шаарынын билим берүү бѳлүмүнүн “Улыбка” жана “Гаухар” бала бакчасына акча каражат бѳлүп берүү жѳнүндѳ.”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 01.07.2024-жылындагы № 01-14-414, 25.06.2024-жылындагы № 01-4-135 сандуу кайрылууларын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Улыбка бала бакчасына борбордук жылытуу системасына улатууга 117900 (бир жүз он жети миң тогуз жүз) сом;
- Гаухар бала бакчасына кошумча 1-тайпа ачууга 280 900 (эки жүз сексен миң тогуз жүз)сом бѳлүнүп берилсин
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
|
|