Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-9
“Майлуу-Суу шаарынын Кѳк-Таш аймактык башкармалыгында жайгашкан Советская кѳчѳсүндѳгу №29-4 муниципалдык батирин кызматтык батир катары колдонууга берүү жѳнүндѳ”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 25.06.2024-жылындагы № 01-05-480 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын
2. Майлуу-Суу шаарынын Кѳк-Таш аймактык башкармалыгында жайгашкан № 7 мектебиндеги кыргыз тили, адабияты жана математика предмет мугалимдерине Советская кѳчѳсүндѳгу №29-4 муниципалдык батирин кызматтык батир катары колдонууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
|
|