Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу № 38/7-28
2025-2027-жылдарга карата Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн алдын ала прогноздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ы.Дуйшебаеванын 2025-2027-жылга карата, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолдуу прогнозун угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 2025-жыл үчүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү болжол менен – 42662,0 миң сом, анын ичинен атайын эсеп -2418,0 миң сом,негизги эсеп теңдөөчү грант менен алганда- 40244,0 миң сом болуп бекитилсин.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 2026-жыл үчүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү болжол менен – 47365,9 миң сом, анын ичинен атайын эсеп -2940,0 миң сом,негизги эсеп теңдөөчү грант менен алганда- 44425,9 миң сом болуп бекитилсин.
3. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 2027-жыл үчүн бюджеттин негизги эсеби киреше жана чыгаша бөлүгү болжол менен – 50070,4 миң сом, анын ичинен атайын эсеп -2940,0 миң сом, негизги эсеп теңдөөчү грант менен алганда - 47130,4 миң сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Э.Б.Джолдошбеков |