Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомуна) |
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында гуманитардык жардам берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында гуманитардык жардам берүү тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде алардын ведомстволук, аймактык уюмдарынын дарегине жиберилген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартибин аныктайт.
1.2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык регламенттелет.
1.3. Гуманитардык жардам азык-түлүк жардамын жана азык-түлүк эмес жардамды камтыйт.
1.4. Гуманитардык жардамды (толук же жарым-жартылай) сатууга тыюу салынат.
1.5. Гуманитардык жардам сапаттын эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык келүүгө, жарактуулук мөөнөтү бар аталыштарга карата жетиштүү жарактуулук мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Тамак-аш азыктары үчүн калган жарактуулук мөөнөтү МАМСТ белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн кеминде жарымын түзүүгө тийиш. Жарактуулук мөөнөтү бир жыл же андан аз болгон сывороткалар жана вакциналар үчүн калган жарактуулук мөөнөтү элүү пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш.
1.6. Мамлекеттик материалдык резервди башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга максаттуу түрдө келип түшкөн гуманитардык жардам "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
1.7. Гуманитардык жардамды максатсыз пайдалануу тиешелүү жаза чараларын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө алып келет.
1.8. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана калк өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал зонасына гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
1.9. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам берүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
1) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын расмий сайтына жайгаштыруу;
2) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу жана каттоо жүргүзүлүүчү жайларда жабдылган маалымат такталары;
3) телефон байланышы;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарын, Интернет тармактарын пайдалануу.
1.10. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардам берүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) укуктуу адамдардын чөйрөсүн;
2) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын жайгашкан жерин, электрондук почтасынын дарегин, телефон номерин жана толук почта дарегин;
3) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды берүү укугун;
4) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам берүү менен байланышкан башка маалыматты.
1.11. Бул Тартип II-V оордук даражасындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулат.
2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардам алуу укугу
2.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам алууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан калктын муктаж болгон аялуу топтору:
а) 3 жана андан ашык жашы жетпеген балдары бар үй-бүлөлөр;
б) кош бойлуу аялдар;
в) 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр;
г) жашы жете элек балдары бар толук эмес үй-бүлөлөр (жалгыз бой эне/жалгыз бой ата);
д) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бар үй-бүлөлөр;
е) улгайган жарандар;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан, эвакуацияланган жана көчүрүлгөн жарандардын максаттуу топтору;
3) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткандар (каза болгон жана/же ден соолугуна зыян келтирилгендер, жеке мүлкүн толук же жарым-жартылай жоготкондор, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жашоо шарттары начарлагандар);
4) эмгекке жарамсыз мүчөлөрү бар үй-бүлөлөр жана эмгекке жарамсыз жалгыз бой адамдар.
3. Гуманитардык жардамды каржылоо булактары
3.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам төмөнкү каражаттардан түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине жиберилген эл аралык уюмдардын;
3) чет мамлекеттердин, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине жиберилген ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан.
4. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардамды кабыл алууну жана бөлүштүрүүнү координациялоо
4.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1) Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген комиссиянын чечиминин негизинде;
2) Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын дарегине; социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, паспортунун же болбосо ким экендигин күбөлөндүрүүчү документинин көчүрмөсүн берүү менен, өзгөчө кырдаалга жана өзгөчө абалга байланыштуу жабыр тарткан адамдын ыктыярдуу арызынын (электрондук же кагаз түрүндө) негизинде.
4.2. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын курамы, анын функциялары жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, ага жүктөлгөн милдеттерди эске алуу менен, анын курамына мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүн киргизүү менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан потенциалдуу кооптуу объекттердин санына, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын келип чыгуу тобокелдигине, алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.
4.3. Гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан калктын тизмеси Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасынын (мындан ары - "Санарип аймак") базасында түзүлөт.
4.4. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардамды кабыл алууну жана бөлүштүрүүнү бирдиктүү эсепке алуу, мамлекеттик материалдык резервди башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тиешелүү чектөө грифи бар башка аскердик түзүлүштөрдүн дарегине, Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жардам берүүчү эл аралык уюмдардын дарегине түздөн-түз келип түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо, Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС базасында ишке ашырылат.
4.5. Гуманитардык жардамды уюшулган кеңири масштабдуу чогултууга катышкан бардык жеке жактар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ушул Тартиптин 4.4-пунктунда көрсөтүлгөн алуучулардан тышкары, Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссияда "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санариптик аймак" АМС базасында гуманитардык жардамды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.
4.6. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардамды кабыл алууну жана бөлүштүрүүнү бирдиктүү координациялоону "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС базасында жүзөгө ашырат.
4.7. Социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам берүүгө жалпы мониторинг жүргүзүү жана баалоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жардам берүүчү эл аралык уюмдардан өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде Кыргыз Республикасынын калкына берилип жаткан гуманитардык жардам жөнүндө тиешелүү маалыматты кварталына бир жолудан кем эмес сурап турат.
4.8. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби менен макул болбогон учурда арыз ээси маселени чечүүнүн сотко чейинки жана соттук тартибин пайдаланууга укуктуу.
5. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардамды эсепке алуу жана сактоо
5.1. Гуманитардык жардамды алуучу бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар гуманитардык жардамды эсепке алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
5.2. Гуманитардык жардамды эсепке алуу жана сактоо коммерциялык товарлардан өзүнчө жүргүзүлөт.
5.3. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды эсепке алуу жана сактоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5.4. Ташуу учурунда гуманитардык жардамдын сакталышын камсыз кылуу тиешелүү транспорттук уюмдарга жүктөлөт.
5.5. Гуманитардык жардамды ташуу, түшүрүү, кампага жайгаштыруу жана акыркы алуучуга өткөрүп берүү боюнча чыгымдар тараптардын макулдашуусу боюнча, анын ичинде донордун эсебинен же мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча алардын тиешелүү бюджеттеринин (республикалык же жергиликтүү) эсебинен жүзөгө ашырылат.
6. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардам көрсөтүүдө контролдоо, отчеттуулук жана ачык-айкындуулук
6.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында топтолгон гуманитардык жардам боюнча - жогору деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия, ошондой эле социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине эл аралык уюмдардын каражаттарынан келип түшкөн гуманитардык жардам боюнча - мындай жардамды көрсөткөн эл аралык уюмдар, ошондой эле социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
6.2. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө отчеттор Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки отчеттук айдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
6.3 Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардамды чогултуу жана бөлүштүрүү жөнүндө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ушул чөйрөдө иш жүргүзгөн уюмдардын иши жөнүндө маалыматтар ачык жана айкын болуп, тиешелүү уюмдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.
7. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында гуманитардык жардам көрсөтүүдө кайтарым байланыш механизми
7.1. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча калк менен кайтарым байланыш механизминин иштешин камсыз кылуу максатында калк үчүн жеткиликтүү болгон өз ара аракеттенүү каражаттарын уюштурат: өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткандарды кабыл алуу, телекоммуникациялык байланыш каражаттары, электрондук почта боюнча кайрылуулар, расмий интернет-сайтта, маалыматтык такталарда маалыматтарды жайгаштыруу, телекөрсөтүү жана радио, басылмалар жана башка байланыш каражаттары аркылуу маалымдоо.
7.2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында, гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча ар бир адам Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын дарегине жеке баруу, телефондук сүйлөшүү, электрондук почта аркылуу (арыз ээсинин тандоосу боюнча) арыздары, сунуштары, суроо-талаптары, даттануулары менен кайрылууга жана "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссиядан жооп алууга укуктуу.