Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-11
“Майлуу-Суу шаарынын Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин коммуналдык төлөмдөрүн карап берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 07.08.2024-жылындагы № 01-14-470 сандуу кайрылуусундагы шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын Балдар өспүрүмдөр спорт бөлүмүнүн, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөндүгүнө байланыштуу, Билим берүү бөлүмүнөн коммуналдык төлөмдөрүн шаардык Балдар-өспүрүмдөр мектебине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
|
|