Загрузка документа…
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он экинчи сессиясы
2022-жылдын 20-сентябры №114
Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча жоготуулары жөнүндө
Атбашы айыл аймагынын башчысынын маалыматын Атбашы айылдык Кенешинин сессиясында угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авиа Траффик Компани авиакомпаниясы негизги биздин салык төлөөчүбүз 2021 жылдын 20 сентябрынан тартып Атбашы айыл өкмөтүнүн Сокулук районунан Биринчи Май районуна кайра каттодон өткөндүгүнө байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгү -22181,2 миң сом жоготууга учурады:
–Киреше салыгы -17200,0 миң сомго
-Экинчи тобунун мүлк салыгы -47,3 миң сомго
-Юридикалык жактардын транспорт салыгы -4905,5 миң сомго
-Айыл чарбалык эмес жер салыгы - 6,0 миң сомго
-Таштандыларды чогултуу үчүн төлөм -22,4 миң сомго
Айыл аймак башчысына 2022 жылдын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринен каржылоо булактарын табуу сунушталсын.
2. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө а/а башчысы Ж.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |