Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2023-

жылдын 06- апрелинде ѳткѳрүлгѳн XXXII

сессиясынын № 6 токтомуна № 1 тиркеме

 

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн алдындагы

 

«Отуз-Адыр cугат суу» муниципалдык ишканасынын

 

 

УСТАВЫ

 

 

 

2023 - жыл

 

 

 

Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыгарылган, жана «Отуз-Адыр Сугат суу» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу артибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.

 

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

«Отуз-Адыр сугат суу» муниципалдык ишканасы (мындан ары-Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигнде доочу жана жооптуу болуп чыга алат.

1. Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу.

Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемеси,”Отуз-Адыр сугат суу” муниципалдык мекемеси,каттоо датасы 2023-жылдын 17-марты,каттоо номери 71627-3306-М-е,ИУЖК коду;22414570,ИСН;00810199610015, юридикалык дареги: Кыргыз

Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр а.а,Отуз-Адыр айылы айылы, А.Атамбиев көчөсү №16;

 

Муниципадык ишкананын толук аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Отуз-Адыр сугат суу» муниципалдык ишканасы

Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Отуз-Адыр сугат суу»

Муниципалдык ишкананынкыскартылган аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Отуз-Адыр сугат суу» МИ.

Расмий тилде аталышы: МП «Отуз-Адыр сугат суу»

Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылы, А.Атамбиев көчөсү №16;

Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн буйруктарына жана ушул Уставка ылайык жүргүзөт.

Муниципалдык ишкана өзүн уюштуруучунун милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт жана уюштуруучу муниципалдык ишкананын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт.

 

 

II.Муниципалдык ишкананын негизги максаты:

4.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты: тийиштүү аймакта жайгашкан юридикалык жана физикалык жактарга талаптарга жооп берген, сугат суу менен камсыздоо.

4.2. Муниципалдык ишкана негизги максатын иш жүзүнө ашырууда, төмөндөгүдө иш аракеттерди жүргүзөт:

 

·       Сугат суу менен камсыз кылуу системаларынын ошондой эле суу чыгаруу жумуштарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

·       Суу каналдарын, арыктарды калыбына келтирүү жана капиталдык түрдө оңдоп түзөө;

·       Скважиналарды техникалык жактан тейлөө, оңдоо жана эксплуатациялоо;

·       Айлана-чөйрөнү коргоо, жана жашылдандыруу иштерин алып баруу;

·       Калк жашаган аймактарга сугат суу жеткирүү

·       Сугат жерлердин ээлери жана иштетүүчүлөрү менен келишимдин негизинде суу жеткизип жана бөлүштүрүп берүү;

·       Суу пайдалануулардын ассоциациялары жана сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери менен келишим түзүү, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаттуулугун көзөмөлдөө, келишимдин шарттарын бузган учурда кызмат көрсөтүүчүлөргө жана анын керектөөчүлөрүнө тийиштүү чараларды көрүү;

·       Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн, менчиктүүлүк укугун тастыктаган документтердин негзинде, юридикалык жактар жана менчик-үй ээлери менен келишим түзүү;

4.3. Көрсөтүлгөн кызматтардын туура колдонулушун жана аларга колдонулган тарифтерди көзөмөлдөө.

4.4. Антимонополиялык комитет аркылуу көрсөтүлүп жаткан кызматтардын бааларын жана тарифтерин орнотуу.

 

III.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ

 

5.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгун аткарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

·       Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контракттарды түзүүгѳ жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген мындан башка иш-аракеттерди жүргүзүүгѳ;

·       Финансылык (каржы) операцияларын, өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарын колдонууну өз алдынча жүргүзүүгѳ;

 

·       Өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнөн мыйзамдарга каршы келбеген киреше табууга, түшкөн кирешелерди ишкананын ички ченемдик укуктук актыларынын негизинде пайдаланууга.

 

·       Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алууга;

·       Өзүнүн жүгүртмө каражаттарына ээ болууга;

·       Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирбеген учурда акы төлөнүүчү кызматтарды юридикалык жана физикалык жактарга, келишимдин негизинде көрсөтүүгѳ;

 

·       Ишкананын материалдык базасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн фонд уюштурууга;

 

·       учурдагы ишмердүүлүгүн жана келечектеги өнүгүүнү өз алдынча пландаштырууга;

 

·       муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына доогер жана жоопкер катары катышууга;

 

·       өз алдынча мүлккө байланышкан же мүлккө байланышпаган жеке укуктарга ээ болууга жана ишке ашырууга;

 

5.2. Муниципалдык ишкана расчеттук, валюталык жана башка эсептерди ачат, чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууну жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүнү өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу;

 

5.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттемелерине карата өз менчигиндеги мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат. Муниципалдык ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт;

 

5.4. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн Отуз-Адыр айыл аймагынын талаптарына ушул Уставка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;

 

IV.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ

 

6.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгунүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдик эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчиликтүү болот;

 

6.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Отуз-Адыр айыл өкмөтү жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат;

 

6.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү эсептен чыгаруу жана жараксыз деп табуу уюштуруучунун чечими менен белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт.

 

V.МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ

 

7.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, Отуз-Адыр айыл өкмөтү саналат.

 

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:

 

·       Муниципалдык ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

·       Өлчөмү 1 000 000 сомдон ашык болгон келишимдерди бекитүү;

·       Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын бекитүү;

·       Муниципалдык ишкананын директорун айылдык кеңештин макулдугу менен кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;

 

·       Жетекчинин сунушу боюнча, муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн бекитүү;

·       Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана мүчө болуп кирүүсүнө макулдугун берүү;

 

·       Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндөгү жылдык эсеп-кысабын бекитүү;

·       Айылдык кеңештин макулдугу менен муниципалдык ишкананы кайра түзүү жана жою;

 

·       Аудитордук текшерүүнү жүргүзүү, муниципалдык ишкананын бардык документтерин текшерүүгө, ошондой эле ишмердүүлүтүн мыйзамга жана Уставка жооп берүүсүн текшерүүгө, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды, ошондой эле баланстык эсеп-кысабын талап кылууга укуктуу;

 

·       Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн башка ыйгарымдуу укуктары:

 

7.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп, анын жетекчиси саналат.

7.3. Муниципалдык ишкананын башкы бухгалтерин, ишкананын жетекчисинин сунушу менен, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы дайындайт жана бошотот.

 

7.4. Муниципалдык ишкананын жетекчисинин компетенциясы:

 

·       Жетекчи өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде муниципалдык ишкананын чарбалык иш аракетин уюштурат;

 

·       Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү 1 жылдык пландарын түзөт жана ишке ашырат;

 

·       Ишкананын ишмердүүлүгүнүн сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына, анын ичинде ишкананын отчеттук маалыматтарынын тууралыгына, чарбалык иштин нормаларынын сакталышына жеке жоопкерчиликте болот;

 

·       Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерет;

 

·       Муниципалдык ишкана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда ишеним каты жок өкүлчүлүк кылат;

 

·       Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүүнү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына сунуштайт;

 

·       Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, ошол эле учурда контаркттык негиздегилер менен дагы иш алып барат:

·       Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин айлык акысын жана анын төлөө формасын аныктайт;

 

·       Муниципалдык ишканада чыккан документтерге биринчи болуп кол коет;

·       Кыргыз Республикасынын мыйамдарына жана ушул Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

 

7.5. Муниципалдык ишкананын текшерүү комиссиясы:

 

  • Текшерүү комиссиясы , муниципалдык ишкана тарабынан жүргүзүлгөн иш аракеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышын текшерүүчү орган.

 

  • 7.5.1. Текшерүү комиссиясынын укук милдеттерин төмөнкүлөр түзөт:

 

  • Муниципалдык ишкананын жетекчиси тарабынан жүргүзүлгөн өндүрүштүк жана башка чарбалык иштердин мыйзам чегинде аткарылышын текшерүү;
  • Бир жылда кеминде бир жолу муниципалдык ишкананын өндүрүштук жана башка чарбалык иштерин текшерүү;
  • Бир жылда кеминде бир жолу муниципалдык ишкананын өндүрүштук жана башка чарбалык иштерин текшерүүдөн кийин Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына жазуу түрүндө бүтүм берүү;

 

    • Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчы сына өзүнүн отчетун берүү;
  • Текшерүү комиссия 3 кишиден түзүлүп, 2 жылдык мөөнөткө Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен дайындалат жана анын мүчөлөрү кайра шайланууга укуктуу.

 

VI.Муниципалдык ишкананын мүлкү

 

8.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган кыймылсыз, кыймылдуу жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат, иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

8.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүн жана ишмердүүлүгүн каржылаган булактарга төмөндөгүлөр кирет:

 

·       Отуз-Адыр айыл өкмөтү өткөрүп берген мүлк жана башка каражаттар;

·       Көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш аракеттеринен түшкөн каражаттар;

·       Мамлекеттик, чет өлкөлүк мекемелер, коомдук, коммерциялык, юридикалык жана жеке тараптардан демөөрчүлүк катары түшкөн материалдык жана акчалай грант катары берилген каражаттар;

 

·       Ишкананын карамагында турган муниципалдык мүлктү (маданий, спорттук, жарнамалык ж.б) пайдалануудан, массалык иш чараларды уюштуруудан, демөөрчүлүк иш чаралардан, лекция, көргөзмө, аукцион жана башка иш чараларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттар;

 

·       Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттар;

·       Муниципалдык ишкананын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн пайдаланууга, ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар;

 

·       Мыйзам менен тыюу салынбаган башка кирешелер;

 

8.3. Муниципалдык ишкана, өзү көрсөткөн кызматтардан жана башка иш аракеттерден түшкөн каражаттарды, Уставта көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жана тийиштүү фонддорду түзүү үчүн өз алдынча бөлүштүрө алат.

 

VII.Муниципалдык ишканынын кызматкерлеринин мамилеси

 

9.1. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана ишкананын жумушчуларынын эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав,ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контаркты) менен аныкталат.

 

9.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишиминин (контракттын) негизинде материалдык жоопкерчилик тартат.

 

9.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет.

 

VIII.Муниципалдык ишкананын иш аракетин токтотуу

 

10.1. Муниципалдык ишкананын жоюлушу жана кайрадан түзүлүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

 

10.2. Муниципалдык ишкананы жою, кайрадан түзүү айылдык кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

 

10.3. Муниципалдык ишкананын жоюлушу жана кайрадан түзүлүшү юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин, ишкана жоюлган же кайрадан түзүлгөн деп саналат.

 

10.4 Муниципалдык ишкананын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонду» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемеде сакталат.

 

Жооптуу катчы

А.Зикиров