Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 421
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик системасын регламенттөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:
- 12-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Сатуу жана/же башка ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын рыногуна импорттолуучу түзүлүштөр идентификациялоо операторунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Ушул пунктта көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү ИМТда каттоо кызмат көрсөтүүлөрү Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында аларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан төлөнүүгө тийиш. Эгерде мобилдик түзүлүштө эки же андан көп SIМ-карт слоту, эки же андан көп IMEI коду болсо, ар бир IMEI код катталууга тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылууга тийиш болгон жана кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары ташып чыгарылууга тийиш болгон мобилдик байланыш түзүлүштөрү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөр ИМТнын борбордоштурулган маалымат базасына акысыз негизде жана билдирилген түзүлүштөрдүн наркын ИМТнын наркы менен салыштыруу болбогон шартта киргизилүүгө тийиш. Аталган түзүлүштөргө Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун байланыш тармактарына жетүүсү чектелүүгө тийиш.";
- 14-пункт "Сатуу жана/же башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу жана/же башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункттун жетинчи абзацындагы "өндүрүүчү заводдун" деген сөздөр ", ИМТда көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 172-пунктта "ЕАЭБ бажы аймагынан сырткары кайра ташып чыгарылууга тийиш, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баш тартуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылат" деген сөздөр "мамлекеттин кирешесине конфискациялоого жатат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункттун биринчи абзацындагы "өндүрүүчү-заводдун расмий баасын" деген сөздөр "түзүлүштүн наркын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун экинчи, үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн ырастоочу документтер жок болгон учурда, мындай түзүлүштөрдү каттоо ИМТда каттоо үчүн кызмат көрсөтүү төлөнгөн шартта 2024-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ