Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI  сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры №16/1

Административдик-аймактык реформа жөнүндө

  

     “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү  боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябындагы  № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаны-Арык айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ: 

1. Кара-Суу районунун Жаны-Арык, Кызыл-Суу айыл аймактарын бириктирүү  маселеси жана бириккен айыл аймактын борбору Жаны-Арык айылында жайгашуусу колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймактын аталышы “Ынтымак” айыл аймагы деп аталуусу сунушталсын.

3. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун атакарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына   жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Осумбеков