Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-10
“Майлуу-Суу шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесинин атайын эсебинен каржыланган жумушчуларга ( таштанды жүктөөчүлөр жана айдоочулар) эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө ”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 21.06.2024-ж. чыг.01-16-85 сандуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин IХ чакырылышынын кезектеги ХХVІІI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесинин жетекчиси Д. Истамбаевдин маалыматы жана депуттаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесинин атайын эсебинен каржыланган жумушчуларга ( таштанды жүктөөчүлөр жана айдоочулар) 2024-жылдын 01-сентябрынан эмгек акыларын 65 % жогорулатууга макулдук берилсин.
3. Майлуу-Суу шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесинин атайын эсебинен каржыланган жумушчуларга ( таштанды жүктөөчүлөр жана айдоочулар) 2024-жылдын 01-сентябрынан төлөнүүчү эмгек акы боюнча эсеби тиркемеге ылайык бирдиктер менен бекитилсин.
4. Майлуу-Суу шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесинин таштанды ташып чыгарууга болгон тарифин тиркемеге ылайык 5 (беш) сомго жогорулатууга жана коомдук жайлардан чыккан таштандылырды ташууга болгон төлөмдү тарифке ылайык тиркемедегидей жогорулатууга макулдук берилсин
5. Бул токтомдун аткарылышы “Горжилзеленстрой” мекемесинин жетекчиси Д. Истамбаевге тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |