ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2023-жылдын 19-сентябры №15/1
Жаңы-Арык айыл аймагындагы
Правда айылынын атын өзгөртүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 28-июль 2023-жылдагы № 01-38/684 катына ылайык жана Правда айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен , Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде, социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясынын корутундусун карап Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Правда айылынын жергилдиктүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен Правда айылынын аталышы өзгөртүлүп, мындан ары “Кош-Чынар” айылы деп аталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Алиевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Осумбеков |