Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели № 7

2022-жылдын жыйынтыгы менен айыл ѳкмѳтүнүн эсеп счетунда калган 7578,5 миң. сом калдык акчаны айыл өкмөтү тарабынан берилген сметага ылайык максаттуу жумшоо жѳнүндѳ

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Атамбиеваанын маалыматын угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.2022-жылдын жыйынтыгы менен айыл ѳкмѳтүнүн эсеп счетунда калган 7578,5 миң. сом калдык акча айыл өкмөтү тарабынан берилген сметага ылайык максаттуу жумшалсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

(Н.Калматов)

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Аматов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев