ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 26-январы №12/9
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө”№ 305 Жарлыгына ылайык Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн түзүлгөн иш аракеттер планын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” № 305 Жарлыгына ылайык Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн түзүлгөн иш-аракеттер планы боюнча маалыматын угуп талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө ” №305 Жарлыгын аткаруу боюнча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн түзүлгөн иш-аракеттер планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Осумбеков |