Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августундагы №137
Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жошук айылынын тургундарына турак үйлөрүн куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө.
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жошук айылына “калктуу конушка” трансформацияланып (которулуп) келген 5,23 га жер аянтын жеке менчик турак үйлөрүн куруу үчүн жер тилкелери 0,10 га өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Г.Матажиев |