Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАңЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2023-жылдын 15-декабры №17/3

Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн  АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүү жөнүндө

 

  Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүүнү  талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн АЧМФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасы, кыйынчылык менен суу барган Жаңы-Арык айылындагы сайдын ичиндеги 5 га жер аянты, Жаңы-Арык,  Правда айылдарынын чек арасынын төмөн жагындагы 19 га жер аянты, Ак-Терек айылындагы сайдын ичиндеги 6 га суулу жер аянттарын,   1 га жер аянты ­­­­­­­­­5000 (беш миң) сом  ар бир кадамы 1000 (бир миң)  сом, ал эми сугат сууга ыңгайлуу болгон суулу жерлерди 1 га жер аянтын 15000 (он беш  миң) сом, ар бир кадамы 1000 (бир миң)  сом деп бекитилсин.

 

2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жер адистери А.Конкошовго жана К.Артыковго милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы  КБФ нын жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү  боюнча  комиссиянына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Осумбеков