Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августундагы №136
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долборлоо институтунун Ош шаарындагы филиалы тарабынан даярдалган, он айылдын башкы пландарын угуп жана талкуулап, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш, Ирилеш, Ак-Өргө, Чекелик, Гүлдүрөмө, Көк-Тал, Жаңы-Айыл, Жошук,Ынтымак, Кызыл айылдарынын башкы планы бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго жүктөлсүн;.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Г.Матажиев |