ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2023-жылдын 6-апрели № 12
№ 9 М.Тешебаев атындагы орто мектептин эски имаратына бала бакча ачууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ ”Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.№ 9 М.Тешебаев атындагы орто мектептин эски имаратына бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо Кара-Дөбө айылынын тургуну Нурматова Бактыгулгө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
(Н.Калматов)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин билим берүү, медицина жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Зикиров)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев |