Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 512
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 “Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 “Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт “максаттуу багыты” деген сөздөрдөн кийин “белгиленген тартипте” деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегинде:
– “Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС)” бөлүмүндө:
үчүнчү абзацта “, бирок 30 000 кВтдан ашпаган” деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзацта “Кубаттуулугу 30 000 кВтдан ашпаган” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу–он биринчи абзацтар менен толукталсын:
“
8502 39 800 0 | Башка электр генератордук орнотмолор |
3917 29 000 9 | Башка пластмассалардан жасалган катуу башка түтүктөр, түтүктөр жана шлангдар |
8503 009 100 | 8501 же 8502 товардык позициясындагы машиналар үчүн гана же негизинен алар үчүн арналган куюлган чоюн же куюлган болот бөлүктөр |
”;
– “Башка жабдуулар” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 39–42-пункттар менен толукталсын:
“
39 | 8412 21 200 9 | Сызыктуу иштеген гидравликалык системалар (цилиндрлер) |
40 | 8412 90 400 8 | Гидравликалык күч орнотмолорунун жана кыймылдаткычтардын бөлүктөрү |
41 | 8504 31 210 9 | Башка трансформаторлор, кубаттуулугу 1 кВАдан ашпаган |
42 | 8537 10 100 0 | 1000 В ашпаган чыңалууга орнотулган эсептөө машинасы бар санариптик башкаруу панелдери |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |