Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2024-жылы 14-июну № 11
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылынын башкы суу алуучу Сох дарыясынын жээгинен тартып Зар-Таш айылындагы Ак-Көл насосуна баруучу 9,5 км узундуктагы каналын Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк, Ак-Турпак жана Зар-Таш айылдарынын дыйкандарынын 2023-жылдын 3-июнундагы чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылынын башкы суу алуучу Сох дарыясынын жеегинен тартып Зар-Таш айылындагы Ак-Көл насосуна баруучу 9,5 км узундуктагы каналы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен обласынын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
Кенешинин торагасы: | Н.Артыков |