Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы
2024-жылдын 15-августу № 41/156
Кызыл-Кыя шаарында маданият жана спорт тармактары боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №22 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын 2024-жылдын 18-июлундагы № 01-10/104 жана Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы А.Таштемировдун 2024-жылдын 17-июлундагы №01-07/48 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоо максатында, жаштар борбору, билим берүү бөлүмү менен биргеликте тренингдерди, тегерек столдорду уюштуруу жагы;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттен спорт тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу менен спорт тармагында өткөрүлүүчү ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;
- спорттук залдардын спорт каражаттары менен камсыз болуусуна жетишүү;
- жаш спортчулардын областык, республикалык жана эл аралык турнирлерге катышуусуна шыктандыруу максатында жаштарды спортко тартуу, түрдүү спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүү жана аларды сыйлыктарга көрсөтүү жагын колго алуу;
- борбордук стадионду талапка жооп берерлик абалда кармоо, тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү.
Төрага: | Ж.Калматов |