Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы
2024-жылдын 15-августу № 41/157
Кызыл-Кыя шаарында билим берүү тармагы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №22 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонованын 2024-жылдын 17-июлундагы № 01-14/12 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- 2022-2023 окуу жылында ЖРТ боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөткөн №4 орто мектеби (40,2%), № 5 мектеби (31,8%), № 7 орто мектеби (44%), №10 мектеби (17 %), белгиленсин жана бул мектептерге талапты күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин;
- жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, деңгээлин жогорулатуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыздоо иштерин колго алуу;
- билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыздоо жана аларды өз убагында көмүр менен камсыз кылуу;
- шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусуна бөгөт коюу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү, «мектеп рэкети» - жогорку класстардын окуучулары тарабынан төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
- билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамааттарынын мезгилге карап өнүгүүсүн камсыздоо жана билимин өркүндөтүү максатында мугалимдерди окуу курстарына жөнөтүү.
- жугуштуу инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда профилактикалык иштердин жүрүшүн камсыздоо;
- мектептерде жана бала бакчаларда балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, ашканалардын санитардык-гигиеналык абалын, тамак-аш продукталарынын сакталышын ар дайым көзөмөлдөө жагы.
Төрага: | Ж.Калматов |