Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы
2024-жылдын 15-августу № 41/158
Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана курулуштарга экотехникалык экспертиза жүргүзүү
жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-июлундагы №52 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 19-июлундагы №01-8/1984 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана курулуштарга экотехникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын башкы архитектору Б.Максытали уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:
- шаардынбашкы планын даярдоо боюнча келишим түзүлгөн Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен активдүү иштерди жүргүзүү;
- башкы планды даярдоо үчүн бөлүнгөн акчаларды максаттуу пайдалануу жана өз убагында которулуусун көзөмөлдөө;
- башкы пландын даярдалышын контролдоо жана аны аягына чыгаруу үчүн кечиктирилгис аракеттерди жасоо.
3. Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору Б.Максытали уулуна милдеттендирилсин:
- шаардын башкы планын сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу максатында, иштеп чыгылып жаткан долбоорго шаардын бүгүнкү күндөгү жана келечекте өсүүсүн эске алуу менен тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шаардык кеңештин макулдугу менен киргизүү;
- шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында шаардагы мыйзамсыз курулуштарды жана кызыл линияга чыгып кеткен объектерди аныктоо, курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |