Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXXVI сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 112
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомунун негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешининVII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы токтом кылат:
1. №130-контурундагы 0,30га жайыт жер, № 131-контурундагы 2,65га жайыт жер,№ 296-контурундагы 1га жайыт жер,№136-контурундагы 4,22га жайыт жер Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү үчүн жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 3,95га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |