Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXXVI сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 114
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр,Кара-Токой жана Апкан айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун берген маалыматтарынугуп талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы токтом кылат:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында Боз-Адыр,Кара-Токой жана Апкан айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдикукуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |