Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 260/36-8
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү светофорлорду жана жарыктандыруучу мамычаларын Талас шаарынын мэриясына ыкчам башкарууга алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдын 7-мартындагы №09-11/1713 каты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 16.08.2023-жылдагы №299б буйругу жана Талас шаарынын мэриясынын 13.06.2024-жылдагы №01-19/1613 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү светофорлорду жана жарыктандыруучу мамычаларын мыйзам талаптарына ылайык Талас шаарынын мэриясына ыкчам башкарууга алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Джаныбеков |