Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 262/36-8
“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 25.07.2024-жылдагы №01-19/2092 жана 26.07.2024-жылдагы №01-19/2107, №01-19/2112 сандуу каттарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, быйыл 2024-жыл Талас шаарынын 80 жылдык маарекесине карата, “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерлиги сунушталган инсандардын Талас шаарынын социалдык экономикалык жана маданий жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон өзгөчө эмгектери, жалпы элибизге кылган атуулдук ак ниет кызматтарын жогору баалоо максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри Бакетаев Алмаз Кушубековичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Ниязбеков Улан Омоконовичке, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Козукеев Азенбек Рахматилаевичке, “Алтын Казык Строй” ЖЧКнын жетекчиси, жеке ишкер Казакбаев Эсен Амангельдиевичке, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин депутаты, жеке ишкер Сатыбеков Нияз Анарбековичке, Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинин директору Козубекова Нуржамал Курманбековнага, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас финансы башкармалыгынын башчысы Ниязалиев Жусупжан Макулбековичке, Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын таза суу менен камсыздоо инженери Бейшекеев Эдил Курманбековичке жана белгилүүмамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кенешчиси, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эмгек сиңирген ишмери Айдаралиев Искендербек Рысбековичке “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |