Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 264/37-8
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки жана мектептер боюнча жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 24.07.2024-жылдагы №01-7/369 сандуу Талас шаарындагы жалпы мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы аткарган иш аракеттери боюнча маалыматынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Т.Момоконов) мектепке чейинки жана мектептер боюнча жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Жумабеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |