Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 265/37-8
Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү №6 орто мектебине жакын жайгашкан 2500 чарчы метр футбол талаасынын ижара акысын убактылуу токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун футбол ассоциациясынын 11.06.2024-жылдагы №42 сандуу кайрылуу катынын негизинде, 29.04.2015-жылында Талас облусунун футбол федерациясынын жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн келишимине ылайык төлөнүп келген ижара акысын убактылуу токтотуу максатында,Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү №6 орто мектебине жакын жайгашкан 2500 чарчы метр футбол талаасында Талас облусунун футбол ассоциациясы тарабынан жүргүзүлө турган капиталдык ондоп-түзөө жумуштарына байланыштуу, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде белгиленген ижара акыларын 2024-жылдын 1-июлунан 1-ноябрына чейин токтотууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |