Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII cессиясы
2022-жылдын 26-сентябры № 3
Кой мончосун (кубка) салууга жер тилкесин трансфармациялоо жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылдын 1-июлундагы жайыт пайдалануучулар менен болгон чогулушунун протоколун сессияда талкуулап, КР “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктуна жана КР Жер кодексинин 11-беренесинин, 15-беренесинин 8-1. пунктун жетекчилике алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык аймагында жайгашкан К-905/9,9 га чөйрө сызыгынан 0,30 га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
2. Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу А.Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Джумагулов |