ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2023-жылдын 24-апрели № 5
“Агро-Дан” үрөнчүлүк чарбасынын мамлекеттик фондтун сугат жерлерин пайдалангандыгы үчүн гектарына 7000 сомдон ижара акы төлөөсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ ”Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.“Агро-Дан үрөнчүлүк чарбасы мамлекеттик фондтун сугат жерлерин пайдалангандыгы үчүн гектарына 7000 сом өлчөмүндө ижара акы төлөсүн.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Агро-Дан” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчисине жүктөлсүн.( Ж.Сатыбаев)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияисына тапшырылсын.( А.Мурзаев)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев. |