Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 86
Самаркандек айыл аймагынын 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3- бөлүмчөсүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл аймагынын 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасына кошумча долбоорлор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирем.
Тѳрага: | У.Гайыпов |
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясынын №86 токтомуна тиркеме.
Самаркандек айыл аймагынын 2024-2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасына киргизилип жаткан долбоорлор
1. Сугат суу арыктарына Сары-Үй участогунда курулган тик кудуктан 100 мм суу түтуктөрүн 320 м аралыкка тартуу - Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
2. Сугат суу арыктарына Чек участкасында курулган тик кудуктан 100 мм суу түтуктөрүн 500м м аралыкка тартуү - Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
3. Сугат суу арыктарына Жайылма участогунда курулган тик кудуктан 100 мм суу түтуктөрүн 500 м аралыкка тартуу - Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
4. Миң-Өрүк айылында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу (16 мамыча жана электр чубалгылары ) 303,0 миң сом- Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
5. Миң-Өрук айылында таза суу кампасын куруу (180,0 миң сом) - Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
6. Миң-Өрүк айылынын ички көчөлөрүн ремонттоо ( 150,0 миң сом) - Өнүктүрүү фондуна сунушталат.
7. Самаркандек айылындагы негизги арык болгон таш арык каналын (2,75 км) оңдоп түзөө , бетондоо (3,0 млн сом) - Өнүктүрүү фондуна сунушталат
8. Жаңы-Бак айылынын калкын электр энергиясы менен камсыздоо максатында 40 даана электр мамычасы жана 6 км электр чубалгыларын тартуу (2,0 млн сом )- Өнүктүрүү фондуна сунушталат.