Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 87
Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3111 - “Имараттар жана курулуштар”беренесинен 2215 - “Түрдүү сатып алуулар” беренесине 431450 сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирем.
Тѳрага: | У.Гайыпов |