Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 88
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылындагы 6,5 км сугат суу лотогун Баткен райондук суу чарба башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылындагы 6,5 км сугат суу лотогун Баткен райондук суу чарба башкармалыгына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Самаркандек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Г.Алимовага милдеттендирем.
Тѳрага: | У.Гайыпов |