Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 1
Кара-Буура жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Буура жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Карачевдин жайыт бирикмесинин 2022-жылдагы бюджетинен 150 000 сом акча каражатын кыскартып, жайыт бирикмесинин бюджетине өзгөртүү киргизип берүү боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-
жылдын бюджетинен 150 000 сом “Атайын эсептен күтүлүүчү киреше” бөлүгүн кыскартылып, жайыт бирикмесинин бюджети 327 230 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Раимбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет,экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Джумагулов. |