Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 90
Таза суу үчүн калктан жыйналган акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5- бөлүмчөсүнүн негизинде Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн “Самаркандек Андиген Таза Суу” муниципалдык ишканасынын эсебине которулган Самаркандек айыл өкмөтүнүн калкы тарабынан ичүүчү таза суу үчүн жыйналган 2 571 000 (эки миллион беш жүз жетимиш бир миң ) сом акча каражаты Самаркандек, Жаңы-Бак жана Паскы-Арык айылдарын таза суу менен камсыздоо алкагында курулуп жаткан долбоор ишке тапшырылганга чейин суу чарба иштерине колдонулбай туруусуна макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүм алам.
Тѳрага: | У.Гайыпов |