Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 91
Самаркандек муниципалдык базарында соода жайларынын
бааларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын бүтүмүн талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык базарында соода жайларынын бааларын иликтөө боюнча Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын бүтүмүнүн негизинде соода жайларынын баалары төмөнүдөй тартипте бекитилсин:
Соода жайлар- 70 сом;
Кичине соода жайлары- 30 сом;
Кичи ашканалар жумасына- 300 сом;
Чоң ашканалар жумасына- 1000 сом;
Контейнер жумасына- 250 сом (айына акы төлөнбөйт);
Автоунаалар үчун (кириш-чыгыш)- 30 сом;
Мал базарда: бодо мал, жылкы - 70 сом;
Майда мал (кой эчки)- 35 сом. Бош контейнерлерге акы алынбайт.
2. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж. Полотовго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | У.Гайыпов |