Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 93
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2- январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында , Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11- беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Кулан массивинен жалпы аянты 45,0 га жер, анын ичинен №1754 контурундагы 2,30 га жер, №1755 контурундагы 1,40 га жер, №1629 контурундагы 3,10 га жер, №1640 контурундагы 32,40 га жер, №1639 контурундагы 3,70 га жер, №1641 контурундагы 0,30 га жер, №1643 контурундагы 1,5 га жер жана №1647 контурундагы 0,30 жер “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер жерлеринен “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” көп жылдык бак дарактар жерлери аянттарына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж .Полотовго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | У.Гайыпов |