Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 94
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун жана жайыт комитетинин башчысы И.Абдрахмановдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Гарым участкасынан 50,0 га жайыт жерден дары чөптөрдү жыйноо үчүн жеке ишкер Кимсанов К. менен Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин ортосунда 300,0 миң сомго келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | У.Гайыпов |