Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 9-августу № 95
Каржылоону токтотуу жөнүндө
Самаркандек айылынын борбор бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча маселени депутаттар талкууга алып, дарактар убагында сугарылбай, ортодогу чөп чабындылар жыйналбай, эстеликтин алдындагы жаңы тигилген арча көчөттөрү, роза гүлдөр куурап кеткендигин белгилешип, Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын борбордук бөлүгүн жашылдандыруу боюнча жумуш аткарылбай жаткандыгын белгилөө менен, Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Центр участкасындагы багбанга каралган акча каражатын каржылоо токтотулуусу белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповго милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | У.Гайыпов |