Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 27-августу ПЖ № 229
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө
Мигранттардын укуктарын коргоо, мыйзамсыз миграцияны болтурбоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоо, ошондой эле глобалдык чакырыктарды чечүүдө эл аралык диалогду бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2018-жылдын 19-декабрындагы А/RES/73/195 резолюциясы менен жактырылган Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Глобалдык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кабарласын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |