ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын (жетинчи чакырылыштагы)
2023-жылдын 28-апрели № 4
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 3-главасынын 33-чү жана 34-чү беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин инвестиция тартуу,бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн.
2.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин инвестиция тартуу,бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар;Аматов Акбура-төрага,Тезекбаева Назира-мүчө,Саданов Талантбек-мүчө,Абдурасулов Майрамбек-мүчө жана Матаипова Гүлүйпа-мүчө болуп шайланышты деп эсептелсин.
3.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин укук,мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
4. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин укук,мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар;Уразова Эльмира-төрайым, Жайнаков Азирет-мүчө жана Абдал кызы Кызжибек-мүчө болуп шайланышты деп эсептелсин.
5.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин билим берүү,медицина,маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
6. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин билим берүү,медицина,маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар;Токтоназарова Айчүрөк-төрайым,Шекеева Ыкывал-мүчө жана Жумаева Айтумаргүл-мүчө болуп шайланышты деп эсептелсин.
7.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
8. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар;Адашов Алмазбек-төрага,Мамазакиров Тыныбек-мүчө жана Апсатаров Замирбек-мүчө болуп шайланышты деп эсептелсин.
9.Отуз-Адыр айылдык кеңешинин спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзулсүн.
10. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар; Кожомбердиев Таалайбек-торага,Омарбаев Толөгон-мүчө жана Айдаралиева Айнагүл-мүчо болуп шайланышты деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
А.Мурзаев |