КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023-жылдын 3-февралы № 14/5
Катта-Талдык айыл аймагынын Садырбай айылынын «Асфальт»көчөсүнө Айдаров Эркин ысымын берүү жөнүндө
Садырбай айылынын тургуну Айдаров Мамырбектин жана Садырбай айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Садырбай айылындагы «Асфальт» көчөсүнө «Айдаров Эркин» ысымы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,
Төрага | А. А. Муратов |