ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын (жетинчи чакырылыштагы)
2023-жылдын 28-апрели № 6
Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн калктуу конуштардын арасындагы жакынкы жайыт жерлерин “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жѳнүндѳ
Айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарын жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык,Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 27”б” “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн туруктуу иштеген райондук комиссиянын оң корутундусунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу калктуу конуштардын ичинде жайгашкан тѳмѳндѳгү калктуу конуштардагы жайыт жерлер;
А)Кара-Дѳбѳ айылындагы № 837-839 контурлардагы жалпы аянты 5,60 га болгон
жайыт жер аянтынын ичинен 5,0 га таза жайыт
№ 858 контурдагы 6.12 га таза жайыт
Б)Кызыл-Абад айылындагы № 209 контурдагы 3,0 га таза жайыт
№ 254 контурдагы жалпы аянты 8,51 га болгон жайыт жер аянтынын ичинен
6,68 га таза жайыт
№ 204 контурдагы жалпы аянты 3,2 га болгон жайыт жер аянтынын ичинен
2.65 таза жайыт
№ 127 контурдагы 2.45 га таза жайыт
№ 205 контурдагы 1,79 га таза жайыт
В)Чоок калктуу конушундагы № 145 контурдагы 9,0 га таза жайыт
№ 182 контурдагы жалпы аянты 11,05 га болгон жайыт жер аянтынын ичинен
5,0 га таза жайыт
Г)Беш-Кепе калктуу конушундагы № 397 контурдагы 2,70 га таза жайыт
Жалпы; 44,39 га таза жайыт
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 44,39 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(А.Адашов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
А.Мурзаев |