Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023-жылдын 3-февралы № 14/12

Катта-Талдык айыл аймагынын  Баш-Булак айылынын «Учуров С.С» көчөсүнүн Т.Сатылганов көчөсү менен кесилишкен жеринен 10/1 кожолугунан баштап  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери «Абдыразаков Жолу» атындагы көчөсү деп наам берүү жөнүндө

                                                                        

Баш-Булак айылындагы Т.Жолуевтин арызын жана Баш-Булак айылынын тургундарынын арызын  карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык Кеӊеши

                                                       

       ТОКТОМ    КЫЛАТ

1.Баш-Булак айылындагы «Учуров С.С» көчөсүнүн «Т.Сатылганов» көчөсү менен кесилишкен жеринен  10/1 кожолугунан баштап  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери  «Абдыразаков Жолу» атындагы көчө деп наам  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,

 

 

Төрага

       А. А. Муратов