Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 26-августу № 504

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын инвентаризациялоонун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-октябрындагы № 643 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин өнүктүрүү жана кызматкерлерин материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 “Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 738 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы “Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы № 315 “Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лаборатория куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 191 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 92 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 “Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук чараларын аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 552 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 “Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 320 “2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын бекитүү жөнүндө” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 321 “2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө” токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 354 “2019–2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны бекитүү жөнүндө” токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 546 “2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому;

12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 406 “Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров