КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023-жылдын 3-февралы № 14/16
Катта-Талдык айылдык округунун Торгой-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
«Ош долбоор курулуш» ЖЧК тарабынан иштелип чыккан Катта-Талдык айылындагы «Торгой-Булак» аймагындагы жер тилкесинин башкы планын Катта-Талдык айылдык кеӊешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Торгой-Булак айылындагы жер тилкесин башкы планындагы көрсөтүлгөн Чайкананын жана Магазиндин оордун Мечит курууга башкы планы өзгөртүлүп берилсин
2. Торгой-Булак айылындагы жер тилкесин «Ош Долбоор» курулуш ЖЧК тарабынан иштелип чыккан башкы планы бекитилсин.
3. Мындан ары Торгой-Булак айылындагы «Мечит» жер тилкесин бөлүштүрүү жер Кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык бекитилген генпландын негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы жагы айыл Өкмөтүнүн турак жай жана комуналдык менчиктер боюнча башкы адисине тапшырылсын.
Төрага | А. А. Муратов |