КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 19-11
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүндөгү“ маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоклунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоколунун чечими бекитилип, айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен төмөндөгү иштерге түзүлгөн долбоорлордун жана сметалардын негизинде каржылансын:
1. Андижан айылына ажыратылган 400,0 миң сомго, калдык акчадан кошумча 800,0 миң сом кошуп 1200,0 миң сом светофор жана жол белгилерин орнотууга каржылансын.
2. Жаңы-Турумуш айылындагы Б.Осмонов көчөсү менен Мукумий жана У.Рахманов көчөлөрүн кесилишине жол белгилерин орнотууга 40,0 миң сом жана Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүнө жол белгилерин орнотууга жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү “зебра” сыздырууга 2023-жылда өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен 60,0 миң сом каржылансын.
3. Кызыл-Кыштак айылыдагы С. Шарапов жана К. Сабиров көчөлөрүн асфальтоого сметанын негизинде 4600,0 миң сом кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратуу каржылансын.
4. Кызыл-Кыштак айылын Бостон участкасына жабык спорт комплекстин куруу үчүн долбоордун жана сметанын негизинде 1200,0 миң сом акча каражаты каржылансын
5. Кызыл-Кыштак ҮДТга тез жардам бекетин ачуу максатында имаратты ремонттоого бюджеттен 1,0 млн. сом акча каражатын каржылансын.
6. Коммунист айылындагы Ш. Марифов атындагы мечиттин алдындагы көчөнү асфальтоо үчүн 500,0 мин сом каржылансын.
7. Кызыл-Кыштак айылындагы № 65 - М.Сабиров атындагы мектептин от казанын ремонтоого, имаратынын каридорлорунун жана спорт залынын терезелеринин пластик терезелерге алмаштырууга 1,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
8. Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасындагы жолду асфальтоого 1,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
9. Жаңы-Турмуш айылынын Э.Рахманов көчөсүн асфальтоого 500,0 миң сом акча каражаты каржылансын.
10. Сүрөттүү-Таш участкасындагы жолду асфальтоого 1,0 млн. миң сом акча каражатын каржылансын.
11.Кызыл-Кыштак айылын Бостон көчөсүн асфальтоого 1,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
12. Кызыл-Кыштак айылындагы М.Хашимов көчөсүн асфальтоого 550,0 миң. сом акча каражаты каржылансын.
13. Кызыл-Кыштак айылынын Гаипов, Хафизов жана Маматалиев көчөлөрүнө латок арыктарын орнотуу үчүн смета боюнча 515,0 миң сом акча каржылансын.
14.Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа көчөсүн асфальтоо үчүн 1,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
15. Жаңы-Турмуш айылындагы У.Рахманов көчөсүн асфальтоо үчүн 2,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
16. Ишкаван айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабууга 1,5 млн. сом акча каражаты каржылансын.
17. Коммунист айылына кичи футбол аянтчасынын курууга 1,0 млн. сом акча каражаты каржылансын.
18. № 117-К.Маткеримов атындагы мектептин территориясын тосууга 500,0 миң сом акча каражаты каржылансын.
19. Жаңы-Турмуш айылындагы Х.Абдуллаев көчөсүн асфальтоо үчүн 500,0 миң. сом акча каражаты каржылансын.
20. Жаңы-Турумуш айылындагы Мукумий көчөсүнүн ылдый жагын асфальтоо үчүн 1800,0 миң сом акча каражаты каржылансын.
21. Кызыл-Байрак айылынын ички жолдоруна шагыл төгүп оңдоп-түзөө иштерине 475,0 миң сом акча каражаты каржылансын.
22. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
23. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы
|
Д.Д.Рахманова
|