Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 14 сессиясы
2020-жылдын 29-июну № 14-3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык Кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, калкы 20001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык Кенештеринде айылдык кеңештин төраганын 1 штаттык кызмат орду жана жооптуу катчыны 1 штаттык кызмат орду жана алардын айлык акылыры каралган маселени кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25ү119 сандуу катын аткарууга алып, КРӨнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «КРӨнүн өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык Кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, калкы 20001 ден жогору болгон аймактарында айылдык Кенештеринде айылдык кеңештин төраганын 1 штаттык кызмат орду жана жооптуу катчыны 1 штаттык кызмат орду жана алардын айлык акылары каралган. С.Юсупова айылдык Кенешинин сессиясынын отуруму, жогоруда көрсөтүлган токтомдордун, учурда С.Юсупова айылдык Кенешинин калкы 5196 түтүн кожолукта 26405 адам 2020-жылдын 1-январына карата статистикалык отчеттун негизинде тастыкталган.
С. Юсупова айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык Кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде калкынын саны 26405 адам болгондуктан С.Юсупова айылдык Кенешинин төрагасынын, айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын кызмат жана эмгек акылары иштөө регламенттерин бекитүү боюнча С. Юсупова айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштүү өз алдынча башкаруу иштери этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25ү119 санду каты аткрууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык Кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде С. Юсупова айылдык Кенешинде айылдык кеңештин төраганын 1 штаттык кызмат оруну жана жооптуу катчыны 1 штаттык кызмат оруну жана айлык акылары бекитилсин.
3.С.Юсупова айылдык Кенешинин төрагасынын жана жооптуу катчысынын иш регламенттери бекитилсин.
4.С.Юсупова айылдык Кенешинин төрагасысынын жана жооптуу катчысынын эмгек акыларын жүргүзүү жана чегерүү иштери С.Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнөн (Р.Базарбаев) суралсын.
5.Бул токтомдун аткарылышыш көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |